Баткенде Уланбек Эгизбаев эскерилип, анын журналисттик мектебин ачуу сунушталды
Журналисттер Эгизбаевдин жасаган иштерин эскерип, ал аз жашаса да көп нерсени жасай алса болорун далилдегенин белгилешти.
Иликтөө журналистикасын мындан ары өнүктүрүү зарылдыгы тууралуу кеп болуп, иликтөөчү кабарчылар үчүн "Уландын мектебин" ачуу жөнүндө сунуш да айтылды.
Коррупциялык былыктардын жүзүн ачкан бир топ ири иликтөөлөрдүн автору Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Атада 28 жашында каза болду. Милиция ал сууга чөгүп кеткенин билдирүүдө. (JsA)