Чүйдө жол кырсыгы беш өмүрдү жалмады
«Форд Транзит» автомашинасынын айдоочусу жолдун каршы тилкесине чыгып кетип, «Тойота Камрини» сүзгөн.
“Форддун” айдоочусу жана “Тойотанын” айдоочусу менен ичиндеги үч жүргүнчүсү каза болушту. Эки бала ооруканада.
Алдын ала териштирүү көрсөткөндөй, кырсыкка “Форддун” айдоочусу жолдо баратып уктап кеткени себеп болду.