Кыргызстанда дары-дармектин бирдиктүү электрондук базасы жок экени аныкталды
Кыргызстанда сатылып жаткан дарылардын бирдиктүү базасын түзүүнү мындан 3 жыл мурун ошол кездеги саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев Түркиянын мисалында сунуш кылган. Бул долбоор ишке ашса, фармацевтика тармагындагы жемкорлук, аткезчилик, бир эле дарыны ар кайсы дарыкана ар башка баада сатуу жана ал дарыны алып кирген компаниялардын салыктан качуусу сыяктуу көрүнүштөргө бөгөт болорун адистер белгилешет. (BCh/AT)