Кургак учуктун оор формасын дарылоо ийгиликтүү болууда
USAID 18 ай мурда “Кургак учукту жеңебиз!” деген ураан менен жаңы дарылоо ыкмасын Саламаттыкты сактоо министрлигине сунуштаган. Мурда оор дартка чалдыккандар эки жыл бою 14 600 таблетка дары ичип, 240 даана ийне сайдырышчу.
Дарылануунун узак мөөнөтүнөн улам ар бир экинчи бейтап көз жумган. Дүйнөлүк саламаттык уюму сунуштаган жаңы ыкмада “Бедаквилин” жана “Деламанид” дарылары гана колдонулуп, ар бир бейтаптын жеке дене өзгөчөлүгүнө жараша дозага бөлүнөт.
Азыркы тапта бул дарыларды 350 адам ичүүдө. Жылына бул дартка 5 миңден ашуун киши кабылууда. (BCh)