Элчилик: Москвадагы окуяга кыргызстандыктардын тиешеси жок
Элчиликтин билдирүүсүндө бул окуяга катышкандар Кыргызстандын эмес, Өзбекстандын жарандары болуп чыкканы айтылат.
23-июлда орусиялык маалымат каражаттары Кыргызстандан чыккан жарандар Москвада жашы жете электерди барымтага алганын, полиция алар турган батирден туткундарды бошотконун жазып чыгышкан.
Кийинчерээк «112» телеграм каналы Москвада бычак менен куралданган Өзбекстандын эки жараны бир нече кыз менен чогуу ижарага алып жашаган үч бөлмөлүү батирге кирип барганын кабарлады. Маалыматка караганда, окуя маалында батирде жашы жете элек эки баласы менен жашаган келин үйдөн чуркап чыгып, полицияга телефон чалган. Полиция кылмышкерлерди кармап, балдарды куткарышкан. Жабыркагандар болгон эмес.