Өзбекстан менен Түркмөнстандын аймагын туздуу бороон каптады
Кум, туз аралаш бороон каптаган Түркмөнстандын дагы бир облусу - Дашогуз экологиялык шарттары оор аймак катары белгилүү. Арал деңизинин кургап калышынын ириде ушул аймакка кесепети көп тийген. Аймактын топурагы шор жана суу запасы да жетишсиз.