Польша АКШга өз аймагына танк дивизиясын жайгаштырууну сунуш кылды
Польшанын аскердик мекемеси документтердин аныктыгын ырастады. Документте "сунуштун башкы максаты – Европага коркунуч тийгизип жаткан Орусиянын күчөгөн жана кооптуу позициясын ооздуктап туруу" экендиги белгиленген.
Варшава аскердик базаны Польшанын Балтика өлкөлөрү менен чек арасына жайгаштырууга ниеттенүүдө. Азырынча бул боюнча Вашингтон өз пикирин билдире элек.