Жузеппе Конти Италия өкмөтүн курай албады
Мурдараак маалымат каражаттары буга президенттин Паоло Савонанын талапкерлигине каршы чыкканы себеп болгонун жазышкан. Савонаны коалиция Экономика министрлигине көрсөткөн эле. Башмыйзам боюнча президент коалиция көрсөткөн бардык талапкерлерге макулдугун берүүгө тийиш.
Президент Маттарелла өз билдирүүсүндө Савонанын талапкерлигине каршы чыкканын ырастап, муну өлкөнүн евроаймактагы мүчөлүгү коркунучта калуу ыктымалдыгы менен түшүндүрдү.
28-майда президент экономист Карло Коттарелли менен жолугушары, ага технократтык өкмөт куроо сунуштары күтүлүүдө. Бирок мындай кабинет парламенттин колдоосун алары белгисиз. "Лига" партиясынын лидери Маттео Сальвини кырдаалдан мөөнөтүнөн мурда шайлоо менен гана чыгуу мүмкүн экенин айтууда.