Өзбекстандын жараны чек арада чоочун паспорт менен кармалды
Тиешелүү документ иштери бүткөндөн кийин өзбек жараны жергиликтүү милиция кызматкерлеринин колуна өткөрүлүп берилген.
6-май күнү Баткен облусунун аймагында жайгашкан "Ак-Кыя" бекетинен унаанын жүк салгычына жашырынып, Кыргызстанга өтүүгө аракет кылган өзбекстандык жаран кармалган.
Айдоочу жана коңшу өлкөнүн тургуну Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине өткөрүлүп берилди.
Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун тушунда бир канча жыл жабык турган кыргыз-өзбек чек арасы 2017-жылдын күзүндө ачылып, ары-бери каттоо жанданган. (ZKo)