Нарында кулчулукка каршы күрөшүү боюнча жыйын болот
Кулчулукка каршы күрөшүүгө багытталган иш-чаралар өткөн жылы БУУнун Маңзат жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгын жардамы менен башталган. Быйыл жыйындар өлкөнүн ар бир облусунда жана Ош шаарында 15-майдан 15-июнга чейин өткөрүлүп, Бишкекте жыйынтыкталат.
Кулчулукту тыюу боюнча кыргыз өкмөтү бир катар мамлекеттик программаларды кабыл алган. Анын ичинде кулчулуктан жабыркаган адамдарга жардам көрсөтүү да камтылган.
Кыргызстан эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча БУУнун Конвенциясын 2003-жылы ратификациялаган.
Расмий маалыматтарда Кыргызстанда кулчулукка сатылгандардын көпчүлүгү мигранттар экени айтылып келет. Ага ылайык, өлкөдө бир жылда жарандардын кулчулукка кабылуусу боюнча он чакты кылмыш иши катталат. Бирок эл аралык уюмдар кулчулукка кабылгандардын көпчүлүгү укук коргоо органдарына кайрылбай турганын эске салып, адам сатуунун курмандыктары мындан бир нече эсе жогору же жыл сайын 100дөн ашуун киши кулчулукка кабылат деп маалымдашууда. Өткөн жылы Кыргызстанда 175 адам кулчулуктан куткарылган.
Өкмөттүн маалыматы боюнча, учурда сыртта иштеп-жашап жүргөн кыргызстандыктардын саны 750 миӊден ашат. Анын 616 миңи Орусияда, 30 миңи Казакстан, 14 миңи Кореяда, дагы отуз миңдейи Түркияда. Ал эми расмий эмес булактарда чет мамлекеттердеги кыргызстандыктардын саны мындан бир топ көп экени, маселен, Орусиядагы мигранттар эле миллиондон ашары айтылып жүрөт. (ZKo)