Көлдөгү ипподромго кеткен акчанын чоо-жайы текшерилип жатат
Алдын ала тыянакка ылайык, Ысык-Көлдүн Бостери айыл аймагындагы Бактуу-Долоноту кыштагында ат майдандын курулушунда "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" жана "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" мыйзам ченемдери бузулган:
- Жыйынтыгында, курулушка кетуүчү чыгымдар башында белгиленген 480 миллион сомдон 1 миллиард 584 миллион сомго көбөйүп кеткен. Курулуш иштерин көлөмүн 10 миллион сомдон ашык өлчөмдө жасалма түрдө жогорулаткан факты да аныкталды. Ошол эле мезгилде 144 миллион сом кайда коротулганы тууралуу документтер жок болуп чыкты.
Сулаймановдун айтымында, Республикалык сертификаттоо борборунун Сыноо лабораториясынын экспертизасына ылайык, 31 миллион 398 миң сомго төшөлгөн асфальт талапка жооп бербейт. Мындан тышкары 8 миллион 244 мин сомго жасалган темир ферма долбоорго ылайык салынган эмес, курулуш эрежелери бузулган. Кырсыктарды жоюуда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эсебинен өткөрүлчү 9 миллион 737 миң сомдун сарпталышында да мыйзам бузуулар аныкталган. Текшерүү иштери уланууда.
Курулуш иштерин СМУ-3 ишканасы жүргүзгөнү кабарланган.
II Дүйнөлүк көчмөндөр оюну 2016-жылы өткөн. Ошол кездеги Президенттик аппараттын Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков демөөрчүлөр 2 миллион доллардай жардам кылганын айткан.
2014-жылы I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында курулуш иштерин жасаган "Темир канат" ишканасына байланыштуу да кылмыш ичи козголуп, сот болгон.
Ал эми III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл сентябрда өтөт. (SE)