Жыл башынан бери балдар аралашкан 331 жол кырсыгы катталды
Авто авариялардан 167 адам каза болсо, анын 20сы балдар болду. Ал эми жол кырсыктарынан жалпы 2261 адам жаракат алса, алардын 360ын жашы жете электер түзгөн.
Жол эрежелерине өзгөртүү киргизүү тууралуу өкмөттүн токтомунда Кыргызстанда акыркы беш жылда балдар кабылган 7 миңден ашуун жол кырсыгы катталганы айтылган. Анда жалпы натыйжада 582 бала каза болгон. Бул аралыкта дагы 8 294 бала ар кандай жараат алган. (ErN)