"Super.kg" порталы УКМКнын башчысына кайрылды
Маалыматка караганда, 28-май күнү белгисиз адам порталдын кеңсесине телефон чалып, өзүн УКМКнын кызматкери деп тааныштырган жана журналисттин келип кетишин талап кылган. Портал жетекчилиги телефон чалган адам чын эле УКМКнын кызматкери экенине күмөн санай тургандыгын билдирүүдө.
Пртал УКМКнын башчысы Идрис Кадыркуловго жазган кайрылуусунда бул иш боюнча чара көрүүнү өтүнгөн. УКМКнын басма сөз кызматы жагдай текшерилген соң комментарий берилерин маалымдады. (SE)