Улуттук банктын алтын-валюталык резерви 2 млрд 182 млн долларды түзөт
Мамлекет башчы банк инфраструктурасын өнүктүрүүнү, банкоматтарды жана аймактарда ПОС-терминалдарды көбөйтүүнү, накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн арттырууну банк системасындагы артыкчылыктуу багыттар катары белгиледи.
Ошондой эле үстөк пайыздарды азайтуу, экономикада доллардын колдонулушун чектөө, калкты узак мөөнөттүү насыялар менен камсыз кылуу маселелери да талкууланды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады. (КЕ)