Алай районунда бир адам жардан кулап каза болду
Окуя бүгүн, 11-январда 13:30да болгон. Маркум Корул айыл аймагынын Тогуз-Булак айылынын тургуну экени, кулап кеткен учурда мас абалда болгону аныкталды.
ӨКМдин Алай райондук №68 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары маркумдун сөөгүн алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти. (ErN)