Акыйкатчы баласын тепкен ата боюнча прокуратурага кайрылат
"Апасы тосмо арыз жазган күндө дагы сот жабыркаган баланын жашын жана жөндөмүн эске алышы керек болчу. Ошондуктан биз - Акыйкатчы институту баланын укугун коргоп чыгабыз жана Бишкек прокуратурасына кат жөнөтөбүз", - деген Оторбаев.
Ал өз баласына катаал мамиле кылган киши тиешелүү жазасын алышы керек деп эсептейт.
Бишкектин Октябрь райондук сотунун 10-январдагы чечими менен баласын ичке тепкени коомчулукка жарыяланып, катуу талкууга алынган Бариер Абдиевге карата козголгон кылмыш иши токтотулган. Маалыматка караганда, айыпталып жаткан жарандын жубайы баласын тепкени тартылган видеодон кийин күйөөсүнүн үстүнөн ачуу менен арыз жазганын, ал эки баланы багып келгенин айткан. Ал сотко "доом жок" деп тосмо арыз жазып берген.
Социалдык тармактарда 2-декабрда муздан тайып, жерден тура албай жаткан баланы ичке тепкен адамдын видеосу тараган. Кийин ал киши баланын атасы экени белгилүү болгон. Тасма коомдо кызуу талкуу жаратып, ал кишини жоопко тартуу тууралуу талаптар коюлган. Эки жарым жаштагы уулун аябаган атага карата "Бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, эки айга камакка алынган.
Анын Мамлекеттик каттоо кызматынын Сокулук райондук бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Бариер Адиев экени аныкталып, иштен бошотулган. (КЕ)