Өзбекстанда депутаттарга улуттук кийим кийгизүү демилгеси көтөрүлдү
Доценттин пикиринде, парламент депутаттары Батыш стилиндеги кийимдерди кийбеши керек. Өзбектер улуттук баалуулуктарына, салт-санаасына кайтып келиши зарыл экенин айткан Хайдаров элге депутаттар үлгү болушу абзел деп эсептейт.
- Мыйзам чыгаруучу палата улуттук стилдеги кийимдердин үлгүсүн бекитет. Жергиликтүү органдар өз аймактарынын кийимдерин кийгени оң. Албетте, ферганалыктар сурхандарыялыктардан айырмаланып турат, – деди ал.
"Азаттык" радиосунун өзбек кызматынын: "Өзбекстан көп улуттуу өлкө, өзбек парламентинде ар кайсы улуттун өкүлдөрү бар. Мындан улам улуттук кийимди кийүүнү депутаттарга милдеттендирүү туурабы?" - деген суроосуна Мирякуб Хайдаров: "Бул маселени эл өкүлдөрү өздөрү чечүүгө тийиш", деп жооп кайтарды.