Киреше-чыгаша боюнча декларация толтуруу өнөктүгү башталды
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, ошондой эле юридикалык жакты түзбөй туруп иш жүргүзгөн дыйкан жана фермердик чарбалар 1-апрелге чейин декларация тапшырышы керек.
Декларацияны өз убагында тапшырбагандыгы үчүн жеке адамдарга эки миң сом, юридикалык жактарга 10 миң сом өлчөмүндө административдик айып салынат.
Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлердин киреше-чыгашалары тууралуу декларация толтуруу өнөктүгү 2005-жылдан бери жыл сайын жүргүзүлөт. (КE)