Усубакунов: “Осьминог” боюнча бардык версиялар каралууда
7-январда эртең менен Бостеридеги “Осьминог” рестораны өрттөнүп, "тилсиз жоодон" жанаша жайгашкан эки мейманкананын чатырына да зыян тийген.
Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жарандар, өзгөчө ишкерлер уюшкан кылмыштуу топтордун кысымына кабылып жатканын парламентте айтып чыкты. Эл өкүлү буга “Осьминог” ресторанындагы өрттү мисал келтирген. (КЕ/ЕВМ)