Бишкек-Ош жолунда жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө чектөө киргизилди
Өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн байланыштырган негизги кара жол жеңил автоунаалар үчүн ачык. Ал эми оор жүк ташуучу автоунааларга киргизилген чектөө качан алынаары белгисиз.
29-декабрда Бишкек-Ош унаа жолундагы тыгынга байланыштуу Токтогул районунун "Арал" постунда оор жүк ташуучу чоң автоунаалардын өтүшүнө чектөө киргизилген. Ал эми кечинде Жайыл районундагы “Сосновка” постунда бардык унаалар үчүн чектөө киргизилген. Жол тазалангандан кийин кайра ачылган. (ErN)