Бишкек менен Чүйдө добуш берүү солгун жүрүп жатат (карта)
28-ноябрь, саат 16.00гө карата 22,39% шайлоочу добуш берди. Анын ичинде Нарын облусунда жарандар активдүүлүгүн көрсөттү - 26,29% шайлоочу добуш берди. Эң солгун добуш берүү Чүй облусунда - 19,97% жана Бишкек шаарында - 21,59% келди. Бүгүн, 28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Саат 8:00ден тартып өлкөдөгү 2435 шайлоо участогунда добуш берүү башталган. Мындан тышкары чет өлкөлөрдөгү 59 шайлоо участогунда добуш берүү жүрүп жатат. Орусиянын Түштүк Сахалин жана Владивосток аймактарындагы... Читать дальше...