Жогорку Кеңеш: “Манас” эпосу жөнүндө мыйзам экинчи окууда каралат
Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети 18-январда “Манас” эпосу жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи окууда карайт. Бул тууралуу парламенттин сайтында кабарланды.
Мыйзам долбоорун кырк депутат демилгелеген. Мыйзамдын максаты - эпоско байланыштуу баалуулуктарды сактоо, жайылтуу, изилдөө жана Манас деген ысымды коммерциялык жана башка максаттарда пайдалануу иш-аракеттерин тескөө болуп саналат.
Өткөн жылы «Манас» жана Чыңгыз Айтматов академиясында «Манастын доору жана «Манас» жөнүндө мыйзамдын аткарылышы» жөнүндө бир нече жолу жыйындар өтүп, 2011-жылдын 28-июнунда кабыл алынган КРнын «Манас» эпосу жөнүндө мыйзамы учурда толук иштебей жатканы сынга алынган жана мыйзам долбоорунун айрым беренелери кытайлык кыргыздардын залкар манасчысы, Кыргыз Республикасынын Баатыры Жусуп Мамайдын (1918–2014) мурасын айрым бир жактуу каралоочулар, "жайсаңчылар" тарабынан тымызын түрдө пайдаланылып кетпеши керектиги баса белгиленген.
Ошондой эле «Манасты» бурмалап, коммерциялык жана башка максаттарда пайдалануу иш-аракеттерине, «Манас», «Семетей», «Сейтек» деген аталыштарды арак, коньяк сыяктуу ичимдиктерге коюуга тыюу салуу демилгеси көтөрүлгөн.
«Манас» жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясы 2019-жылдын 31-январында чыккан президенттин жарлыгына ылайык түзүлгөн. (TSh)