Коррупционер и рейдер Шарабидин Капаров верни соцобъект - народную баню народу!
КР Президенти, Коопсуздук Кеңешинин башчысы С.Н. Жапаровго
Урматтуу Садыр Нургожоевич!
1. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиктерди аукцион аркылуу сатуу комиссиясынын 11.09.2006 ж. протоколу менен мурдагы айыл өкмөт башчысы Ш.Капаровдун атасы К.Капаров социалдык объект – баняны мыйзамсыз ит бекерге сатып алган.
11 сентябрь 2006 жылы Ш.К. Капаров айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиктерди аукцион аркылуу сатуу комиссиясынын мүчөсү болуп туруп, кызыкчылыктардын кагылышуусу менен өзүнүн атасы К. Капаровго социалдык объект-баняны арзан ит бекерге сатып жиберет. Ал баня эки айыл Ишкаван жана Кызыл-Байрак айылдарын элине кызмат кылуу үчүн курула баштаган.
Биз Ш. Капаров соцобъект баняны мыйзамсыз ит бекерге сатып алганы боюнча көптөгөн жолу арыз менен кайрылганбыз. Бирок, аны крышевать кылган мурдагы Кара-Суу районунун прокурору, азыркы Ош облпрокурорунун орун басары М.Айтикулов кылмыш иштерди кыскартып, мыйзамсыз сатылган баняны кайра мамлекет мүлкүнө кайтаруу боюнча сотко доо арыз менен кайрылбай, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып келген.
2. Соцобъект баняны мыйзамсыз сатууда Ш. Капаров мыйзамдарды одоно түрдө бузган. КР Президентинин 16.02.1995 жыл №37 Жарлыгы менен социалдык объекттер жеке менчикке ажыратып берүүгө мүмкүн эмес, сатылган социалдык объекттер мамлекеттик менчикке кайтарууга жатат. КР Өкмөтүнүн 09.10.1995 ж. №421 токтому менен бекитилген КРдагы социалдык инфраструктуранын объекттерин пайдалануу жөнүндө программасына ылайык соцобъекттин имараттары жана жерлери менчиктештируу объектилерине кирбей тургандыгы көрсөтүлгөн. Ал эми, Кызыл-Кыштак айыл өкмөтү тарабынан КР Президентинин Жарлыгынын 16.02.1995 ж. №37 жана КР Өкмөтүнүн 09.10.1995 ж. №421 токтомунун талаптарын одоно бузуу менен, 11.09.2006 ж. протоколу негизинде социалдык инфраструктуранын объектиси болуп эсептелип турган, баняны 1235 кв.м. жер тилкеси менен бааланган баадан 10 % тушуруу менен түздөн-түз Ш.Капаровдун атасы К.Капаровго 21150 (жыйырма бир миң жүз элүү) сомго мыйзамсыз саткан. Бирок, ал жердин базар баасы 5 миллион сом 21 миң сом эмес.
3. Муниципалдык менчиктерди сатуу комиссиясынын мүчөсү Ш. Капаров кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекет эсебинен мыйзамсыз баюу максатында ошол аукционда комиссия мүчөсү болуп катышып, кызыкчылыктардын кагылышуусу менен өзүнүн атасы К. Капаровго социалдык объект-баняны арзан ит бекерге сатып жиберет.
4. Комиссия мүчөсү Ш.Капаров мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтируу максатында жеке баалоочуу А.М. Камалов менен алдын ала сүйлөшүп, баняны арзан ит бекерге базар баасынан жүз барабар арзан баалатып, мамлекет эсебинен мыйзамсыз байыган. Ш. Капаров мыйзамсыз аракетин токтотпой комиссия мүчөлөрү менен алдын ала сүйлөшүп, баняны ит бекерге бааланган баадан дагы 10 % тушургөн.
5. Комиссия мүчөсү Ш.Капаров мамлекет мүлкүн ит бекерге сатып алуу, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтируу жана мамлекет эсебинен мыйзамсыз баюу максатында Кара-Суу Мамкаттоо (№891 26.12.2005 ж. каты), райархитектура (№145/200515.11.2005 ж. каты) кызмат адамдары жана Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиктерди сатуу комиссия мүчөлөрү менен алдын ала сүйлөшүп, баняны түздөн-түз сатууга жетишет. Ошондой эле, Ш. Капаров аукцион болушу жөнүндө маалыматты айыл элинен мыйзамсыз атайын жашырган.
6. Комиссия мүчөсү Керме-тоо айылынын айыл башчысы М. Топчуев: “Капаров баняны куруп, айыл тургундары баня менен камсыз кылынат”- деген шарт менен баняны сатууга каршы эместигин айтканы менен, Ш. Капаров ал шартты одоно түрдө бузуп, баня курбай, ал жерге баласы Кара-Суу Мамэкотехинспекция башкы адиси Шарабидин уулу Шадыбекке жеке менчик үй жана жеке балдар бакчасын куруп алган.
7. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” (06.02.2006 ж. редакциясында) КР Мыйзамынын 3 бер. ылайык ээлеген кызматы боюнча депутатттык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга туура келбесе жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулушу каралган. Бирок, мамлекет мүлкүн жана соцобъект баняны мыйзамсыз ит бекерге ээлеп алуу максатында Ш. Капаров “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” (06.02.2006 ж. редакциясында) КР Мыйзамынын 3 бер. одоно бузуп, бир мезгилде Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкери жана Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин депутаты жана комиссиянын мүчөсү болуп мыйзамсыз эмгектенип жүргөн.
8. Капаров айыл өкмөттө 2005 жылдан 2021 жылга чейин эмгектенип дагы башка көптөгөн муниципалдык мүлктөрдү мыйзамсыз арзан ит бекерге сатып алып, мамлекет эсебинен мыйзамсыз байыган. ал боюнча көптөгөн арыздарыбыз жазылган. Бирок, М. Айтикулов мамлекетке келтирген зыянды Капаровго төлөтпөй, ал кылмыш иштерди эскирүү мөөнөтү өтүп кеткен деп кыскарткан.
9. КР Өкмөтүнүн 23.02.2004 ж. №91 токтому менен бекитилген “КР айылдарынын жана калктуу конуштарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин типтүү кызматтык нускамасы”, 06.09.2006 ж. кабыл алынган “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” КР Мыйзамынын 41 бер. ылайык Айыл өкмөтү тарабынан ага тиешелүү жана компетенциясына кирген маселелер боюнча кабыл алынган чечимдер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери тарабынан кол коюлат деп белгиленген.
Айыл өкмөттүн муниципалдык менчиктерди сатуу комиссиясынын төрагасы Б. Казаков болгон. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Казаков соцобъект жеке менчикке сатууга каршы болгон, ошондой эле, ал Ш.Капаровдун мамлекет мүлкүн ит бекерге ээлеп алуусуна жана мыйзамсыз иштерине каршы болгон. Ошондуктан Ш. Капаров Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Н. Эргашев менен алдын ала сүйлөшүп, айыл өкмөт башчысынын орун басары Н.Эргашевге соцобъект жер тилкесин сатууда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып жана айыл өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун башчысына берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча ыйгарым укуктарынан аша чабуу менен КР Өкмөтүнүн 23.02.2004 ж. №91 токтому менен бекитилген “КР айылдарынын жана калктуу конуштарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин типтүү кызматтык нускамасы”, 06.09.2006 ж. кабыл алынган “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” КР Мыйзамынын 41 бер. талаптарын одоно бузуу менен Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн К.Капаровго 1235 кв.м. соцобъект банянын жер тилкесин түздөн-туз сатуу жөнүндө 11.09.2006 ж. протоколун мыйзамсыз кол коюп чыгарган. Айыл өкмөт башчысынын орун басары Н.Эргашев 1235 кв. м. жер тилкесин сатуу 11.09.2006 ж. протоколуно мыйзамсыз кол койгон. Себеби айыл өкмөттүн муниципалдык менчиктерди сатуу комиссиясынын төрагасы Б. Казаков болгон, Н. Эргашев комиссия төрагасы болгон эмес. Ошондой эле, Н. Эргашев комиссия мүчөсү болбосо дагы, укуктук полномочиесине кирбесе дагы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, ыйгарым укуктарынан аша чабуу менен 11.09.2006 ж. протоколго комиссия төрагасы катары Б.Казаковдун ордуна мыйзамсыз кол койгон.
10. Комиссия мүчөсү Ш. Капаров 11.09.2006 ж. протоколу менен өзү гана соцобъект мыйзамсыз сатып албай, башка соцобъектти дагы мыйзамсыз сатып жиберет. Ошол протокол менен Ишкаван айылындагы суу менен камсыз кылган насос станциясын имаратын 2000 кв.м. жер тилкеси менен 14 000 (он торт миң) сомго Хакимов Кутугалига мыйзамсыз арзан сатып жиберет.
Ш.Капаров мыйзамсыз насосту сатып жибергени үчүн Ишкаван айылынын жашоочуулары жай мезгилинде сууга кыйналып жатышат. Эмнеге Ш. Капаров жоопкерчиликке тартылбайт?
11. Юрист дипломуна ээ Ш.Капаров мыйзамды билбей соцобъектти сатып коюпман дегени бул кылмыш. Суроо туулат, Ш. Капаров ЖОЖдо окуганбы, же анын акчасы окуганбы? Анда аны тестирлөөдөн өткөрүп, юрист диплому туура берилгенби, же акчага сатылганбы?-деген суроого жооп алуу зарыл. Ушул баняны сатып алып, Капаров кылмышын токтотпой башка кылмыштарга барган. Ал боюнча кийинки арызда кайрылабыз. Жогоркулардын негизинде Сизден суранабыз:
1. Прокуратура сотко доо арыз берип, Ишкаван айылындагы соцобъект баняны 1235 кв.м. жер тилкеси менен жана Ишкаван айылындагы соцобъект насосту 2000 кв.м. жер тилкеси менен мамлекет менчигине кайра кайтарып берүү боюнча тапшырма берүүнүздү.
2. Ш.Капаровду кылмыш жоопкерчилигине тартып, мамлекетке келтирген өзгөчө ири өлчөмдөгү зыянды төлөтүүнүздү.
3. Коррупционер Капаровду крышевать кылып, сотко доо арыз бербей жаткан Ош облусунун прокурорунун орун басары М. Айтикуловду Нарын облусу Ат-Башы районуна ротация кылуунузду.
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин депутаттары О.Д. Токторалиева
Г.М. Мирзакаримова
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин 2 жолку шайланган депутаты Д.Д. Рахманов, 06.10.2022 ж.