Германияда тажик жараны жети жылга кесилди
Германияда сот баш калка сурап жүргөн Тажикстандын жаранын “Ислам мамлекети” террордук уюмуна мүчө болгону үчүн жети жылга эркинен ажыратты.
Прокуратуранын маалыматына караганда, Равшан Б. террордук уюк түзүүгө шектелип жаткан тажикстандыктардын тобун жетектеген.
31 жаштагы Равшан Б. тагылган айыптарды жарым-жартылай моюнга алып, өкүм чыгарылардын алдында кечирим сурап, “өкүнөрүн” айтты.
Ал “Ислам мамлекети” террордук уюмунун бөлүмүнө акча табуу үчүн башка тажик жарандары менен биргеликте бир орусиялыктан буйрутма алып, Албанияга 40 миң долларга киши өлтүрүү үчүн барган.
Ал жактагы пландары ишке ашпай калып, Германияга кайтып келишкен. Кийинчерек Дюссельдорф шаарына жакын жерде исламды сындаган бир кишини өлтүрүү ниетинде болушканы шектелүүдө.
Прокуратура билдиргендей, алар парапландар жана батберектерди колдонуу менен Германияда террордук чабуулдар уюштурууну көздөшкөн. Топтун башка мүчөлөрү өз сот жүрүмүн күтүп, убактылуу абакта отурушат.