World News in Kyrgyz





160*600

Новости сегодня на DirectAdvert

Новости сегодня от Adwile

Актуальные новости сегодня от ValueImpression.com


Опубликовать свою новость бесплатно - сейчас


<
>

Назарбаев менен түрк ишкеринин ысык ымаласы

Жыйырма жылга жетпеген убакыт ичинде Казакстанда чет элдик бай ишкерге айланган адам Феттах Таминже Нурсултан Назарбаевге каалаган учурунда кире алчу.

Ал казак өкмөтү менен ондогон миллиарддык келишимдерге кол коюп, келишкен мейманканаларды курду. Феттах Таминже деген ким, аны Казакстандын туңгуч президенти менен эмне байланыштырып турат?

ТАЛАШТУУ ИДЕЯНЫ ТАПКАН АДАМ

2020-жылдын ноябрында казак бийлиги Маңгыштоо облусунун Бозжыра капчыгайында келишкен мейманкана сала турганын жарыя кылды. Табияты керемет кооз аймакта чоң курулушту баштоо демилгеси өлкөдө көп адамдардын нааразылыгын жаратты. Коомчулуктун андай мамилесин көргөндөн кийин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 17-ноябрда өкмөткө долбоорду кайрадан карап чыгуу тапшырмасын берди.

12-декабрда экология министри Магзум Мирзагалиев капчыгайда мейманкана курулбай тургандыгын ырастады.

«Инвестор компаниянын өкүлдөрү долбоорду ишке ашыруу үчүн курулушка башка жерди карап көрүүгө макул экенин билдиришти», — деп айтты министр.

Башында Маңгыштоо облусунун аткаминерлери Бозжырада мейманкана салуу идеясы кимге таандык экенин айтышкан эмес. “Азаттыктын” кат жүзүндөгү кайрылуусуна жооп кылып облустук акимчиликтен идеяны түркиялык ишкер Феттах Таминже көтөргөнүн ырастады.

Казакстандагы Таминженин көптөгөн долбоорлорунун бири Каспий деңизинин боюндагы "Rixos Water World Aktau" мейманканасы. Расмий маалыматтарга караганда, 67 миллиард теңгеге салынган мейманкананын ачылыш аземине өткөн жылы Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев катышкан. Таминже өзү баштап кадырлуу конокторго «президенттик люкс» номурларды көрсөтүп чыккан. Таажы вирус апаатынын айынан «all inclusive» системасында иштеген курорттук объекттин расмий ачылышы кийинкиге калтырылган.

Бул Таминже менен Назарбаевдин биринчи кездешүүсү эмес. Түркиялык ишкер казактын мурдагы президенти менен 2000-жылдардын башынан бери тааныш.

«ХАН ШАТЫР», НАЗАРБАЕВ-БОРБОРУ, «НУР АЛЕМ» ТҮНДҮГҮ...

2005-жылы Таминже Казакстандын борборунда "Rixos President" мейманканасын ачкан. Соңку жылдары "Rixos" тармагына кирчү келишкен мейманканалар Казакстандын бир топ шаарларында салынды.

Бирок түрк ишкеринин чөнтөгүн ысыткан негизги кирешелер мейманкана бизнесинен эле түшпөйт.

Таминже өзү жетектеген "Sembol" компаниясын “Казакстан борборунун учурдагы көрк-келбетин аныктоочу” катары сыпаттайт. Түрк ишкери Нур-Султанда тургузган көптөгөн имараттар казак бийлигинин тапшырмасы менен бүткөн.

«Хан Шатыр» соода-оюн-зоок борбору 2010-жылдын 6-июлунда Нурсултан Назарбаевдин туулган күнүндө ачылып, ишке берилди, «Астана Арена» спорт комплекси, Тынчтык жана мунаса ак сарайы, Эгемендик ак сарайы, «Алау» муз сарайы, Назарбаев университетинин имараты, Улуттук аскер академиясы, «Хазрет Султан» мечити, «Нур Алем» түндүгү, «Казмедиа» борбору, Нурлы жол вокзалы, «Назарбаев борбору» ага улай салынган административдик имарат, — ушулардын баары Феттах Теминженин компаниясы салган курулуштар.

Ушу тапта түрк ишкери Нур-Султанда жалпы аянты 57 миң чарчы метрлик мечит салып жатат.

Түрк ишкери эки жыл мурда облус борбору статусуна ээ болгон Түркстанда да активдүү иштеп жатат. Жакында эле Түркстанда "Rixos" мейманканасы ачылды. Расмий маалымат боюнча, анын курулушуна 7 миллиард теңге сарпталган. Каражат бюджеттен бөлүнгөн.

Булардан тышкары Таминже «Кербен-сарай» туристтик комплексин курууда. Курулушка 39 миллиард теңге сарпталары расмий маалыматтарда ырасталган. Түркстандагы жаңы комплекстин курулушу кандай жүрүп жатканын премьер-министр Аскар Мамин келип көрүп кеткен. 

Ачык маалымат булактарына караганда, Аскар Мамин түрк ишкеринин Казакстандагы курулуш объектилерине такай келип турат. Таминженин "Инстаграмдагы" расмий постунда 2016-жылы апрелде ал кездеги Казакстандын автоунаа жана байланыш министри Аскар Мамин бир нече түрк ишкери менен чогуу Таминженин Анталиядагы "Kingdom" мейманканасында болуп кеткенин жазган.

«Биз чет элдик конокторго "Rixos Legend" мейманканасын көрсөттүк», — дейт Таминже чогуу түшкөн сүрөттүн алдына.

 

“Азаттык” казак өкмөтүнүн башчысы Аскар Маминден аны түрк ишкери Феттах Таминже менен эмнелер байланыштырып турарын сурады. Өкмөттүн атынан Маданият жана спорт министрлиги жөнөткөн жоопто «бул эки адамдын ортосунда иш боюнча гана мамиле бар экени» айтылат.

Таминже "Kazakh Invest" улуттук компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү.

Башка бир маалыматтарга караганда, Феттах Таминже Казакстандагы таасири чоң, президенттин мурдагы иш башкаруучусу Булат Утемуратов менен да жакшы мамиледе.

Бул сөздүн канчалык чындыгы бардыгын эч ким билбейт. Бирок Таминже 2012-жылы Бурабайда курган "Rixos" мейманканасы ушу тапта Утемуратовдун компаниясына таандык.

Түрк ишкери өкмөттүк деңгээлдеги жогорку кызмат адамдары катышкан кеңешмелерге да катышат. 2008-жылы Назарбаев, премьер-министр, президенттик иш башкаруучулуктун жетекчиси, министр жана облус акими катышкан каадалуу жыйынга ишкерлерден жалгыз Таминже гана барган. 

БААРЫНАН КӨП САЛЫК ТӨККӨН КОМПАНИЯ

Таминже куруп аткан имараттарды Назарбаев өзү барып көрүүнү жакшы көрөт. Курулуш бүткөндө, ачылыш аземине да калбай катышып келет. 

Таминже мурдагы президент менен чогуу түшкөн сүрөттөрүн "Instagram" баракчасына илип коюуну жактырат, «көрсөткөн ишеними» үчүн Назарбаев менен жаамы казак элине ыраазычылыгын билдирүүдөн тажабайт.

 

Таминже мурдагы президенттин колунан көп эле сыйлыктарды алган. Мисалга алсак, 2008-жылы Назарбаев жоон топ кишилерге «Астанага 10 жыл» медалын тапшырган. Алардын арасында Феттах Таминже да бар эле. «Мен бүгүн бул жерге 1995 – 1997-жылдары ал кездеги Акмолого биринчи келип, иш баштагандарды чакырдым, - деп айтты Назарбаев угуп отургандарды карап. — Мезгил да, шарт да ал кезде оор болчу, мен баарыңыздарды билем, ошол кездеги эмгегиңерди эч качан унутпайм».

2014-жылы Таминже Астана шаарынын арадактуу жараны болуп калды.

Айрым басылмалар түрк ишкери «имараттарды ыкчам курарын» көп жазышат. Анын айрым сырларын Таминже журналисттерге айтып берди.

2010-жылы түрк ишкери Reuters агенттигине берген маегинде 2005-жылы ачылган "Rixos President" мейманканасынын курулушу баштала электе Назарбаев экөөнүн ортосунда болгон кеп-сөздү ачыкка чыгарган.

Таминженин айтуусунда, Назарбаев андан «мейманкананы чөлкөм жетекчилеринин саммитине чейин бүтүрө аласыңбы?» деп сураса Таминже: «Эч кандай бюрократия болбойт деп убада кылсаңыз бүтүрө алабыз» деп жооп бериптир. Түрк ишкери анын сөзүнө Назарбаев “ишенгенин” айтат.

ТАМИНЖЕНИН МАШКЕВИЧ МЕНЕН МАМИЛЕСИ КАНДАЙ?

“Азаттыкка” берген маегинде түркиялык көз карандысыз журналист Юсуф Явуз 2000-жылга чейин Феттах Таминже килем саткан чакан ишкерлердин бири болгонун айтты.

«Байлыгы Советтер Союзу урагандан кийин көтөрүлдү, бир топ өлкөлөрдөгү таасирдүү адамдар менен мамиле-катнаш түзүп, иши алдыга кетти», - дейт Феттах Таминже тууралуу айткан журналист Юсуф Явуз.

2017-жылы эле Таминженин компаниясы 17,27 миллиард теңге салык төгүп, Казакстандагы эң ири курулуш компаниясы болуп чыга келди. 2014-жылдан 2017-жылга чейинки компаниянын Казакстанда төлөгөн салыктары 9,5 эсе көбөйгөн.

2016-жылы "Football Leaks" басылмасы Таминже «Казакстандагы мамлекеттик келишимдердин эсебинен байып кеткенин» жазды.

Макалада Таминже башкарган "Sembol" менен "Rixos" компанияларынын буга чейин жашыруун сыр катары айтылбай келген дагы бир акционеринин аты аталды. Ал — Тевфик Ариф.

Таминже 2000-жылдары "Rixos" мейманканалар тармагын курууну баштаган кезде Арифтин өнөктөшү болчу. Аны Таминженин өзү деле ырастайт. «2007-жылдан биздин өнөктөштүгүбүз токтолгон», — деп билдирген бир аз убакыт мурда.

Бирок ачыкка чыгып кеткен айрым документтерге караганда, Ариф Таминжеге караштуу "Sembol" менен "Rixos" компаниясынын 50% үлүшүнө ээ.

2012-жылы Тевфик Арифтин уулу Ариф Арифке жазган каты атасынын өнөктөшүнөн "Football Leaks" басылмасынын журналистинин колуна тийип калган.

Катка 2006-жылдын августунда Таминже менен Теафик Арифтин колу коюлган документтер тиркелген экен. Декларациялардын бирөөндө Таминже компаниянын акциялары тикелей же кыйыр түрдө өзүнө жана үй-бүлө мүчөлөрүнө жазылган, бирок "Sembol" менен "Rixos`тун" 50% Тевфик Арифке тиешелүү, «экөөнүн ортосундагы жашыруун келишимдин негизинде» акцияларын башкарып келатканын көрсөткөн.

 

Жердиги тараздык Тевфик Арифтин ысымы 2010-жылы Түркиядагы чатактан улам Казакстандагы эң бай жана таасирдүү ишкер Александр Машкевич менен чогуу чыккан.

Маалымдоо каражаттары Ариф менен Машкевич бир кезде Ататүрккө тиешелүү кемеде аягы суюк аялдар менен кармалганын жазышкан.

Александр Машкевич, белгилүү ишкерлер Алижан Ибрагимов, Патох Шодиев жана казак өкмөтү "Eurasian Resources Group" акционерлери.

"Forbes" журналынын маалымдашынча, Александр Машкевичтин байлыгы 3,7 миллиард долларга жетет.

"Football Leaks" басылмасынын болжолунда, Арифтин таасирдүү «евразиялык үчилтик» жана Назарбаев экөөнүн мамилеси, кыязы, "Sembol" менен "Rixos" компанияларынын Казакстандагы ири мамлекеттик келишимдерди алуусуна таасирин тийгизген болуу керек.

Анткен менен Назарбаевдин "Rixos" мейманканасын жакшы билип калуусу Казакстандан эмес, Түркиядан башталган шекилдүү.

НАЗАРБАЕВ ФОНДУНА ТИЕШЕЛҮҮ МЕЙМАНКАНА

Анталия, түрк провинциясы. Кемер үйөзү. Жер ортолук деңизинин жээгиндеги Белдиби шаарчасы.

1993-жылы Түркия менен казак бийлиги Казакстанга 49 жылдык мөөнөт менен жашылдандыруу жана ден соолукту чыңдоо максатында деңиз боюнан токой баскан 67 256 чарчы метр жерди пайдалануу боюнча протоколго кол коюшкан. Токтомду Түркия парламенти 1996-жылы колдогон.

Түрк журналисти Юсуф Явуздун жазганына ынансак, бул жер Казакстанга президент Назарбаевдин менчигине өткөрүп берүү шарты менен бөлүнгөн.

2001-жылы Казакстанга берилген жерде беш жылдыздуу "Rixos" мейманканасынын курулушу башталган.

Казакстандык журналист Жамиля Маричева 2020-жылдын январында KZ.MEDIA сайтында жарыяланган макаласында минтип жазат: «Белдибиде салынчу мейманкананын долбоору жактырылгандан көп өтпөй Казакстанда курулушту каржылоого жол аччу документ пайда болду».

Автордун ырасташынча, бул максатта «Отель «Алатау» жабык акционердик коому түзүлгөн. Компаниянын уставдык документтерине ылайык түркиялык жээкте мейманкана салууга 3,3 миллиард ашуун теңге сарпталган. Каражаттын бир бөлүгүн Казакстандын Финансы министрлигинин мамлекеттик мүлк жана менчиктештирүү комитети чыгарган, ага компаниянын акцияларынын 55% ал кезде тиешелүү болчу. 

Комитет жана тийиштүү үлүштөргө ээ эки компания 2012-жылдын октябрында белгисиз бир шарттар менен өздөрүнө тиешелүү акцияларын биринчи президенттин фондуна өткөрүп беришкен, фондду азыр Назарбаевдин кызы Дарига Назарбаева жетектейт.

Келишим боюнча фонд мейманкана акцияларынын 44,9% алган. «Отель Алатау» компаниясы 2013-жылдын мартында өзүнө тиешелүү акцияларын 6 миллиард теңгеге саткандан кийин биринчи президенттин фондунун үлүшү 69,36% көтөрүлгөн.

Ушу тапта беш жылдыздуу мейманкананын 30% акциясы президенттин иш башкармалыгына, калганы— Казакстандын биринчи президентинин фондуна тиешелүү. Анын жалгыз негиздөөчүсү — Нурсултан Назарбаев.

Назарбаев фондуна тийиштүү мүлк кол тийгис деп эсептелинет.

Маричева жазгандай, Белдибидеги "Rixos" мейманканасы өлкөгө эч кандай киреше алып келбейт, анын курулушуна деп Казакстандын Финансы министрлиги учурунда тапкан акча бөлгөн. «2008-жана 2012-жылдары гана акционерлерге 5 миллионго жакын теңге төлөп беришти, бул 30 миңден ашуун доллар, бул акча түрк жээгиндеги "Rixos" мейманканасына Казакстан Республикасы салган инвестицияга дегеле караандабайт», — деп жазат Маричева.

Белдибидеги келишкен мейманкананын жанында Назарбаевдин оголе чоң резиденциясы жайгашкан. Анын сүрөтүн ачык булактардан көрсө болот. Мейманканага токтолгон туристтер Назарбаевдин резиденциясы жакшы кайтарыларын, ал жердеги пляжга жөн-жай адам жакын жолой албастыгын жазышты. Көп сүрөттөрдүн биринде резиденциянын тосмосу капкара кездеме менен тосулганы көрүнөт.

«Белдиби [1998-жылы] кичинекей туристтер топтолгон жер болчу. Токойдун арасындагы жакшы өздөштүрүлө элек жерге келгендер аз эле. Анан ошол тынч жаткан жерге Казакстандын президенттик администрациясы, ачыгын айтканда, Назарбаев үчүн деңиз жээгинде эки сонун үй салынды. Жаңылбасам, 1998-жылы жайында Назарбаев эмгек өргүүгө чыгып, Алия деген кызы менен эс алууга келген. Ошондо коопсуздук чаралары күчөтүлүп ал тарапка эч кимди өткөрбөй калышты. Тынч жаткан жерди эле катуу тосуп салуу адамдардын көңүлүн бурду», - дейт журналист Юсуф Явуз.

Назарбаев фонду ээлик кылган Белдибидеги "Rixos" мейманканасын Феттах Таминже курган.

Түркия Казакстанга жер участогун бөлүп бергенде ал жерде беш жылдыздуу мейманкана салуу жөнүндө кеп деле болгон эмес.

Башка өлкөгө берилген жерге Таминженин компаниясы уруксатсыз курулуш баштаганы чоң сынга кабылган. 

«Бул жер — өлкө жетекчисине деп берилген. Ага ушул жерде резиденция, эс алуу үйүн курсун деп беришкен. Жерди берип атышканда эле эмне салынары белгилүү болчу. Жерди берүү боюнча эки өлкө ортосундагы кол коюлган келишимде ал жерде беш жылдыздуу мейманкана салынат деген бир да пункт жок. Казакстан президентинин резиденциясынын курулушу тууралуу пункт бар. Ага карабастан 2005-жылы ал жерде "Rixos Beldibi" мейманканасы курулуп бүтүп ачылды. Мейманкананын курулушу жерди берип атканда жарыя кылынган максатка кайчы келет», - дейт журналист Явуз.

2013-жылы Казакстан өкмөтү Түркия өкмөтү берген жерге салып алган мейманканасын мыйзамдаштырды. Эки өлкө ортосундагы келишим боюнча өкмөттүн биринчи токтому өзгөртүлүп, ага момундай кошумча киргизилди: «Туристтик максатта берилген 44 954 чарчы метр аянттын бир бөлүгүн Казакстан туристтик максатта үчүнчү тарапка бере алышы мүмкүн».

Бул документтеги жалгыз өзгөртүү эмес.

ТҮРКИЯГА ЖЕР БЕРҮҮ

2013-жылы парламенттик дебаттар учурунда түркиялык депутаттар Белдибидеги жердин пайдалануучусу катары мейманкана үчүн 2001-жылдан бери салык төлөбөй келгенин айтып чыгышты.

Казакстандын Түркияга карызы 9 миллион 483 миң лира экен.

Карызды жабуунун эсебине 2013-жылы казак өкмөтү түркиялык тарапка эки жерди 49 жылга берди. Актау шаарынан 7 000 чарчы метр, Алматы шаарынан 2000 чарчы метр жерди мамлекеттик имараттарды салуу үчүн бөлүп берди.

«Феттах Таминже — мына ушул иштердин негизги каармандарынын бири. Мисалы, бир өлкөгө, башкача айтканда, казак өкмөтүнө пайдаланууга жер бөлүнүп берилди. Бирок, анын жыргалын Казакстан көрбөй эле Таминже жыргап атат. Ал жерге бул ишкердин кандай тиешеси бар эле? Жүздөгөн конокторду кабыл алчу мейманканаларды курат. Эч бир акча төлөбөй мамлекеттик жерге ээ чыгып, пайдаланат. Мындан тышкары Казакстандан салык алып жатышат. Ал [Түркия өкмөтүнө] убагында [төлөнбөй калган] салык үчүн Казакстан жер беришин талап кылган. Билесизби, теринин ичине кирип алчу бир курт бар, түрктөр аны «кене» деп коюшат. Кээ бир жаныбарлар ошо кенени жугузуп алышат. Кене теринин ичине кирип алып чоң уйдун же буканын канын соруп отуруп акыры өлтүрөт. Зыянкеч деп ошону айтат! Феттах Таминже — эки өлкөнүн терисине жабышып алган кене», — дейт Явуз.

“Азаттыктын” казак кызматы Анталиядагы "Rixos" офисине, ошондой эле Феттах Таминженин жардамчысына суроо жөнөттү: «2000-жылдардын башында Назарбаевге деп мейманкана куруу жана сиздин Казакстандагы таасирдүү ишкерлердин досу Тауфик Ариф менен өнөктөштүгүңүз бизнесиңиздин өркүндөшүнө кандай таасир көрсөттү?» деген. Суроого азырынча жооп келе элек.

“Азаттык” ошондой эле суроо менен Казакстандын мурдагы президенти Назарбаевге (Казакстандын биринчи президентинин кеңсесине) кат жөнөтүп, анда элбашынын Таминже менен мамиле-катышы, эмне үчүн кымбат объекттерди курууга келгенде түркиялык ишкерге токтолушунун чоо-жайын сурады. Материал жарыяланганга чейин жооп келген жок.

Аян КАЛМУРАТ

Аян Калмурат – 2017-жылдан бери “Азаттыктын” Алматы бюросунун кабарчысы.

Читайте на 123ru.net

Другие проекты от 123ru.net



Архангельск

«Маленький принц» с Безруковым открыл «Эхо» Большого детского фестиваля в Архангельске



Мир

Ищете конференц-зал в Екатеринбурге?




Українські новини

Квадратні горщики для квітів та розсади: практичний та зручний вибір



Новости 24 часа

Как поучаствовать в продаже иностранных ценных бумаг по указу №844



Game News

The Witcher on Netflix will end after season 5: 'We're thrilled to be able to bring Andrzej Sapkowski's books to an epic and satisfying conclusion'



Москва

Подключение водонагревателя в Московской области



News Every Day

'Sticking his thumb in the judge's face': Michael Cohen says $1k gag order fines are joke



Интернет

Компания «Наносемантика» усовершенствовала обработку входящих вызовов КАПИТАЛ LIFE с помощью искусственного интеллекта



Москва

Нижегородские закаты увидят гости фестиваля «Дни регионов» в столичном «Зарядье»



Булат Окуджава

К 100-летию Булата Окуджавы драмтеатр подарит зрителям спектакль - Иркутская область. Официальный портал



Москва

МЧС: порывы ЛЭП могут произойти в Осетии, Кабардино-Балкарии и Карачаево-Черкесии



Елена Рыбакина

Озвучены шансы Елены Рыбакиной на победу над лучшей теннисисткой мира



Москва

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге об эффективных решениях в дорожном строительстве   



Концерт

Концерт в честь Дня труда прошел в Красногорске



Симферополь

Как правильно заказывать суши: советы и лайфхаки



Москва

В Подмосковье прошел отборочный этап фестиваля по робототехнике



Москва

Собянин: В Котловке будет реализован проект комплексного развития территории



Москва

Like FM – федеральный партнер релиза «Идеальная зависимость»



Другие популярные новости дня сегодня


123ru.net — быстрее, чем Я..., самые свежие и актуальные новости Вашего города — каждый день, каждый час с ежеминутным обновлением! Мгновенная публикация на языке оригинала, без модерации и без купюр в разделе Пользователи сайта 123ru.net.

Как добавить свои новости в наши трансляции? Очень просто. Достаточно отправить заявку на наш электронный адрес mail@29ru.net с указанием адреса Вашей ленты новостей в формате RSS или подать заявку на включение Вашего сайта в наш каталог через форму. После модерации заявки в течении 24 часов Ваша лента новостей начнёт транслироваться в разделе Вашего города. Все новости в нашей ленте новостей отсортированы поминутно по времени публикации, которое указано напротив каждой новости справа также как и прямая ссылка на источник информации. Если у Вас есть интересные фото Вашего города или других населённых пунктов Вашего региона мы также готовы опубликовать их в разделе Вашего города в нашем каталоге региональных сайтов, который на сегодняшний день является самым большим региональным ресурсом, охватывающим все города не только России и Украины, но ещё и Белоруссии и Абхазии. Прислать фото можно здесь. Оперативно разместить свою новость в Вашем городе можно самостоятельно через форму.



Новости 24/7 Все города России




Загрузка...


Топ 10 новостей последнего часа






Персональные новости

123ru.net — ежедневник главных новостей Вашего города и Вашего региона. 123ru.net - новости в деталях, свежий, незамыленный образ событий дня, аналитика минувших событий, прогнозы на будущее и непредвзятый взгляд на настоящее, как всегда, оперативно, честно, без купюр и цензуры каждый час, семь дней в неделю, 24 часа в сутки. Ещё больше местных городских новостей Вашего города — на порталах News-Life.pro и News24.pro. Полная лента региональных новостей на этот час — здесь. Самые свежие и популярные публикации событий в России и в мире сегодня - в ТОП-100 и на сайте Russia24.pro. С 2017 года проект 123ru.net стал мультиязычным и расширил свою аудиторию в мировом пространстве. Теперь нас читает не только русскоязычная аудитория и жители бывшего СССР, но и весь современный мир. 123ru.net - мир новостей без границ и цензуры в режиме реального времени. Каждую минуту - 123 самые горячие новости из городов и регионов. С нами Вы никогда не пропустите главное. А самым главным во все века остаётся "время" - наше и Ваше (у каждого - оно своё). Время - бесценно! Берегите и цените время. Здесь и сейчас — знакомства на 123ru.net. . Разместить свою новость локально в любом городе (и даже, на любом языке мира) можно ежесекундно (совершенно бесплатно) с мгновенной публикацией (без цензуры и модерации) самостоятельно - здесь.



Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

АО «Транснефть – Дружба» подвело итоги деятельности в сфере экологической безопасности





Путин в России и мире
Москва

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о развитии отечественного судостроения   


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Очередные кадровые назначения объявлены в Минске




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире
Москва

В Москве арестован на пять суток историк-публицист Сергеев за пост памяти Навального



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Вольфганг Амадей Моцарт

Два великих композитора - Моцарт и Шопен - и их бессмертные шедевры в исполнении органа и рояля



Москва

Более 2,2 тыс дорожных ям заделали в трех округах Подмосковья за неделю

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net