Президенттикке талапкерлер укуктары бузулганына нааразы (түз эфир)
24-ноябрда Бишкекте президенттикке талапкер болууга Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берген саясатчылар укуктары бузулуп жатканы жөнүдө маалымат жыйын өткөрүүдө.
Маалымат жыйында талапкерлердин укуктарынын бузулушу, административдик ресурстарды колдонуу жана тоскоолдуктар жөнүндө сөз болууда. Алар алдыдагы шайлоонун акыйкат өтүшүнө шек жараткан жагдайларды айтып жатышат.
10-январда мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоого ат салышууга 63 киши арыз берип, ар кандай себептер менен он үчү жарыштан чыкты.