Ошто кытайлык жаран киши өлтүрүү үчүн шектүү катары кармалды
Ош шаардык соту 21-ноябрда адам өлтүрүү үчүн шектүү катары кармалган кытайлык 1993-жылы туулган жаранды эки айга абакка киргизүү боюнча санция берди. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.
Анын маалыматына караганда 19-ноябрь күнү милицияга Ош шаардык «Тез жардам» кызматы тарабынан шаардын Абсамат Масалиев кең көчөсүнүн боюнда денесинде оор жарааттары бар жаран жатканы кабарланган. «Тез жардам» кызматы барган учурда ал жансыз болгон. Маркум 2000-жылы туулган Кара-Суу районунун тургун экени аныкталган.
Милиция ошол эле күнү кылмышка шектүү жаранды кармаган. Шектүү маркум менен жөөлөшүп кетишкенин, маркум мас абалында анын намысына шек келтирип сүйлөгөндүктөн ачуусун кармай албай чөнтөгүндөгү аш бычагы менен бир нече ирет сайып салганын, ал жыгылып кеткен соң коркуп, жардам бербей качып кеткенин айткан.
«Кытайлык уйгур экен. Кыргызстанга келип, Оштогу соода түйүндөрүнүн биринде самса жасап жүргөн. Жанында дайым аш бычагы болгон. Ошону менен беш-алты жолу көкүрөккө сайып жиберген. Мас болгон. «Кирип-чыгып ичип аттым эле. Акыркы жолу чылым чеккени сыртка чыксам, жөөлөшүп, айтышып кетип, мен сайып жиберипмин. Канча жолу сайганым эсимде жок» дейт», - деди милиция өкүлү.
Шектүү тергөө иштери аяктаганга чейин Оштогу тергөө изоляторунда кармалат. Окуя Жазык кодексинини 130-беренеси («Киши өлтүрүү») менен Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. (DU)