Коронавирус: 90 кишинин абалы өтө оор
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алып, ооруканага түшкөндөрдүн арасында 90 киши өтө оор абалда жатат. Дагы 877 бейтап оор, 2314ү орточо, калгандары канааттандырарлык абалда деп бааланууда. COVID-19 илдетине каршы республикалык штаб 30-октябрда ушундай маалымат таратты.
Пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын расмий катталган жалпы саны 58394 адамга жетти. Ооруканадан айыгып чыккандар - 49 522 киши. Каза болгондор 1142ге жетти.
Учурда 3359 бейтап стационарда, башкалары үй шартында дарыланууда.
30-октябрга карата бир сутка ичинде коронавирус жана пневмония үч кишинин өмүрүн алып, 596 адам ооруну жуктуруп алганы аныкталды.
Ооруну жаңы жугузуп алгандардын аймактардагы эсеби:
Бишкек шаары - 136;
Баткен облусу - 112;
Жалал-Абад облусу - 91;
Чүй облусу - 89;
Ош облусу – 64;
Талас облусу – 39;
Ысык-Көл облусу – 35;
Ош шаары – 23;
Нарын облусу – 7.
Кытайдын Ухань калаасынан тараган коронавирус 188 мамлекетке жайылып, 45 миллиондон ашуун адамга жукту. Кыргызстанда ооруга чалдыккандар алгач 18-мартта аныкталган. (SE)