Наркология борборунун кызматкерлери нааразылык акциясына чыгышты
Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык наркология борборунун кызматкерлери бүгүн, 30-октябрда министрликтин алдына нааразылык акциясына чыгышты.
Алар борбордун имаратын жана жайгашкан жерди жанындагы Республикалык дерматовенерология борборуна өткөрүп берүү тууралуу сөз журүп жатканын, андайга каршы экенин билдирип жатышат.
Медицина тармагы боюнча адис Айбар Султангазиевдин "Азаттыкка" билдиргенине караганда учурда акциянын катышуучулары менен министрликтин өкүлдөрү жолугуп жатат. Адис наркология кызматын өз алдынча мекеме бойдон калтыруу керектигин билдирди:
“Биринчиден, Наркология кызматы мамлекеттик кепилдик программасына кирет. Экинчиден, мындай борборлор республика боюнча эки эле жерде бар – Бишкекте жана Ошто. Баңгиден жана ичкиликтен жабыркаган бейтаптар жата турган башка жер жок”.
Айбар Султангазиев “СПИД, кургак учук жана малярия ооруларына каршы глобалдык фонд” уюму үч жылга 27 миллион доллар бөлгөнү жатканын, Кыргызстандын наркология кызматына да акча берилерин, эгер борбор жабылса акча түшпөй калышы мүмкүндүгүн айтты.
Акцияга барган наркологиялык бейтаптардын укугун коргоо менен алектенген юрист Эрик Ирискулбеков да эки мекемени бириктирүүнү туура эмес деп эсептеди:
“Эгер ошондой болсо наркологияга көңүл тийиштүү деңгээлде бурулбай калат. Эң башкысы, анын имаратын алып койгону жатышыптыр, ал жерде атайын наркологиялык бейтаптарга ылайыкташкан жабдыктар бар, шарттар түзүлгөн”.
Наркология борборунун маалыматына караганда, 180 орунга эсептелген мекемеде азыр 185 адам дарыланууда, орундардын толушу дайыма 94% жана андан жогору болуп турат, ал эми 70 орундуу дерматология мекемесинде орточо 30 бейтап жатат. Бир жылда нарколог адистердин дарылануусунан 5,5 миңдей адам өтсө, дермотология мекемесинде бул көрсөткүч 600дүн тегерегинде болот.
Саламаттык сактоо министрлиги бүгүнкү акцияга чыккандардын талабы жана алар менен жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу расмий комментарийин бере элек. (RK)