Эндрю Ткач: Даректүү тасмалар коомду өзгөртөт
"Messy Moment Media" компаниясынын директору, 25 жылдан бери жаратылышка байланыштуу даректүү тасмаларды дүйнөнүн булуң-бурчунан тарткан, "Эмми" сыйлыгынын сегиз жолку жеңүүчүсү Эндрю Ткач Кыргызстанга келип, Нарындагы Борбор Азия университетинде лекция окуду. Ал "National Geographic", CNN каналдарына даректүү тасмаларды тарткан. "Азаттык" радиосуна курган маегинде даректүү тасма тартуу жанрынын өзгөчөлүктөрү, Кыргызстанга байланыштуу пландарын айтып берди.