Шайлоо-2020: Жээнбеков тынчтыкты буза тургандар өз баасын аларын эскертти
Президент Сооронбай Жээнбеков шайлоо учурунда өлкөдө тынчтыкты бузууга аракет кылгандарга карата мыйзамдуу чара көрүлөрүн эскертти.
20-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында сүйлөп жатып мамлекет башчысы шайлоону өлкөдөгү тынчтыкка кедерги тийгизбей, инвестициялык климатка залал келтирбей өткөрүүгө аракет көрүлөрүн айтты.
Жээбековдун пикиринде, коомдун ачыктыгынан пайдаланып жеке кызыкчылыгын жалпы элге таңуулагысы келгендер бар.
«Тигил же бул маселени кысым көрсөтүү, ультиматум жолу менен чечүүгө аракет кылгандар да бар. Дагы бир жолу баса белгилеп айтып коеюн - бардык маселе укуктук негизде чечилет. Тынчтыкты бузууга батынгандардын аракети мыйзам алкагында сөзсүз өз баасын алат», - деди ал.
Быйыл октябрда Жогорку Кеңештин кезектеги чакырылышы шайланат. Ага чейин 12-апрелде беш шаарда жана бир нече айылда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо болот. (RK)