Ырчы Атабековдун апасынын үйүн тоноду деп шек саналган киши кармалды
Шаардык милиция Бишкектеги жеке менчик үйлөрдүн бирине карактоого кирди деп шек саналган жаран кармалганын маалымдады.
Милициянын маалыматында, 6-май күнү карактоо болгону тууралуу арызданып А.Д. аттуу шаар тургуну кайрылган. Арызда анын Гвардейский көчөсүндөгү үйүнө түнкү саат 1:45 чамаларында беткапчан куралданган кишилер кирип, күч колдонуп 60 миң долларын, 15 миң сомун жана алтын буюмдарын карактап кеткени айтылат. Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 202-берене («Карактоо») менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Милиция шектүүнүн изине түшүп, Каракол шаарынан 24 жаштагы Б.М. аттуу жаранды кармаган. Кармалган учурда анын автоунаасынан далил буюмдар табылган. Учурда шектүү жаран камакка алынды. Башка кылмышка шектүүлөрдү кармоо иштери уланып жатат.
Буга чейин жергиликтүү сайттар үйү каракталган киши белгилүү ырчы Мирбек Атабековдун энеси экенин жазышкан. (TSh)