Жапонияда анимациялык студия өрттөндү (видео)
18-июлда Жапониянын Киото шаарындагы анимациялык студияда чыккан өрттөн бир нече киши мерт болду.
Отуздан ашууну жараат алды. Алардын ичинен он кишинин абалы оор экени кабарланууда. Полиция имаратка кимдир бирөө өрт коюшу ыктымал деп иликтөө баштаганын бийлик жана жергиликтүү маалымат каражаттары билдиришти.
NHK телеканалы студиянын тегерегине бензин чачып жүргөн киши кармалганын маалымдады. Шектүүнүн тек-жайы, өрт коюуга эмне түрткү болгону азырынча айтыла элек.