Акылбек Жапаров дарыгерлерге көрүнүү үчүн Германияга кетти
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров медициналык текшерүүдөн өтүү үчүн Германияга кетти. Бул тууралуу 3-майда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирип, ал күн сайын тийиштүү жыйындарга видеобайланыш аркылуу катыша турганын маалымдады. Акылбек Жапаров 28-апрелде эртең менен жүрөгү ооруп, кан басымы төмөндөгөндүктөн, Бишкектеги Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылган. Текшерүүнүн жүрүшүндө жүрөк-кан тамыр спазмы аныкталганы айтылган. 29-октябрда кыргыз-казак өкмөттөр аралык... Читать дальше...