Бала бакчанын курулушу талашка түштү
Кара-Суу районунун Киров айылына курула турган бала бакчаны мектептин короосуна салуу демилгеси талаш-тартыш жаратты. Айрым ата-энелер бала бакча керектигин айтса, башкалары анын мектептин короосуна салынышына каршы болушууда. Райондук билим берүү башкармалыгы бала бакча менен мектеп бир короодо жайгашканы билим берүү эрежесине туура келбей турганын айтып жатат. Кара-Суунун Сарай айыл өкмөтүнө караштуу Киров айылындагы Айдар Рахманалиев мектебинин аймагына 160 орундуу бала бакчаны куруу демилгесине айрым ата-энелер каршы чыкты. Читать дальше...