Ракты үн толкуну менен дарылоо ыкмасы
Окумуштуулар үн толкунунун жардамы менен чычкандын боорундагы залалдуу шишикти алып салышты. Таш бетине чегилген сүрөттөр байыркы «мультфильм» болушу мүмкүн. Рим империясындагы модага ылайык жасалган сандал Норвегиядан табылды. "Азаттык" илим дүйнөсүндөгү акыркы жаңылыктардын топтомун сунуштайт. Үн толкуну ракка дабабы? Мичиган университетинин окумуштуулары чычкандын боорундагы залалдуу шишикти үн толкундарынын жардамы менен дарылады. Бул жөнүндө илимий иш Cancers журналына жарыяланып, ScienceAlert сайты аны кыскача баяндады. Читать дальше...