УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев үй камагына чыкты
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы, атайын кызматтын тергөө абагында жаткан Абдил Сегизбаев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук соттун кеңсесинен "Азаттыкка" маалымдашты. Ага ылайык, Абдил Сегизбаев Кылмыш кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") 4-бөлүгү менен күнөөлүү деп табылган. Сот ага 4 млн. сомдук айып пул салып, аны төлөгөнгө чейин үй камакта болот. УКМК бул маалымат боюнча комментарий бере элек. Читать дальше...