Боливиянын президенти жаңы шайлоо өткөрүүгө макул болду
Боливиянын президенти Эво Моралес үч жумага созулган нааразылык акцияларынан кийин жаңы шайлоо өткөрүүгө макул болду. Ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясы да кайра түзүлөрүн жарыялады. Боливияда шайлоо 20-октябрда өткөн. Өлкөнүн Жогорку шайлоо соту Эво Моралес 47 пайыздан көбүрөөк, анын атаандашы Карлос Меса 36,5 пайыз добуш алган деп тааныган. Ушундан соң Моралес өзүн жеңүүчү деп жарыялаган. Шайлоо учурунда одоно мыйзам бузуулар болгонун айткан Меса жыйынтыкты тааныбай, тарапташтарын көчөгө чыгып, экинчи айлампаны талап кылууга чакырган. Читать дальше...