Мэрияга таандык сегиз батирди сатып жиберген деп шек саналган адам изделүүдө
Бишкектин мэриясына таандык сегиз батирди алдамчылык жолу менен сатып жиберди деп шек саналган мэрия кызматкерине издөө жарыяланды. Бул тууралуу маалымат мэриядан алынды. Ага ылайык, мэрияга караштуу муниципалдык мүлктү башкаруу башкармалыгынын кызматкери Эрик Ашыралиев документтерди жасалма түрдө оңдоп Москва көчөсүндө жайгашкан сегиз батирди сатып жиберген деп шек саналууда. Ал бул башкармалыкта болгону 1,5 ай эмгектенген. Учурда анын кайда экени белгисиз. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, мэрияда Ашыралиевге издөө жарыяланды. Читать дальше...