"Аялдарды коргогон мыйзамдар иштебей жатат"
Ала качуунун курмандыгы болгон Бурулай Турдаалы кызынын өмүрү кыйылганына бир жыл толду. Буга карата "Хьюман Райтс Вотч” уюму жаңы баяндамасын жарыялап, анда кыргыз бийлигин аялдар менен кыздардын укугун коргой албай жатат деп сындады.