Жалал-Абад: милиция 70тен ашык кайырчыны шаардан чыгарды
Жалал-Абад шаарында милиция көчө бойлоп кайыр сурап жүргөн лөлү тектүү адамдардын жашаган жерин жана документтерин текшерди. Буга шаар тургундарынын кайырчыларга карата арыз-даттануулары себеп болгон.
Атайын жүргүзүлгөн иш-чаранын натыйжасында 73 лөлү тектүү адам кармалды. Алардын 26сы балдар.
Кармалгандар автобустар менен Ош шаарына жөнөтүлдү. Ал эми Жалал-Абадда аларга турак жай берген адамдарга чара көрүү жагы жергиликтүү бийликке тапшырылды.
Орозо айы башталгандан тарта калаанын көчөлөрүнүн кесилиштеринде кайыр сураган лөлүлөр көбөйүп, автоунаа тыгынын пайда кылган учурлар катталган.
Шаарды кайырчылардан тазалоо иштери былтыр да жүргүзүлгөн. (RsK)