Орусия гиперүндүү 20 ракетасын аскер полигонуна жайгаштырды
CNBC телеканалы өз булактарына таянып билдиргендей, бул ракеталардан АКШ коргоно албайт. “Бул Орусиянын курал өнүктүрүү дымагы бар экенин көрсөтүп турат. Алар бул программага артыкчылык бере баштады” деп айткан атын атагысы келбеген эксперт.
Телеканал белгилегендей, “Канжар” деген аталыштагы “аба-жер” классындагы гиперүндүү ракета Орусияда кеминде үч жолу сыноодон өткөн.
Былтыр июлда Москва Кремлден 800 метр алыстыкта турган бутага каршы куралды ийгиликтүү сынаган.
Телеканалдын маалыматы боюнча, гиперүндүү ракета орусиялык МиГ-31 учагынан 12 жолу атылган. Мындан тышкары аны бомбалоочу учакка орнотуу иштери да жүрүп жатканы, Кремл бул ракеталарды 2020-жылы колдонууну көздөп жатканы айтылган.