Казакстандан мыйзамсыз ташылып келген ири көлөмдөгү күйүүчү май аныкталды
“К.Д.Б.” жоопкерчилиги чектелген коому Казакстандан 240,6 тонна күйүүчү майды салык төлөөдөн качуу максатында газохол катары каттатып, Кыргызстанга алып киргени аныкталды.
Аны Чүй облусунун Кара-Балта шаарында жайгашкан мунайзаттын резервуарында сактап турушкан.
Товардын коштоочу документине ылайык, мунайзаттын бул көлөмү Казакстантанда “К.Д.Б.” ЖЧКнын дарегине газохол катары келип түшкөн. Лабораториялык текшерүүнүн жыйынтыгында ал АИ-92 үлгүсүндөгү бензин экени белгилүү болгон.
Бул факты өлкөгө мунайзат өндүрүмүн мыйзамсыз ташып келүүгө бөгөт коюу боюнча Мамлекеттик салык кызматы жүргүзгөн рейддин жүрүшүндө аныкталды.
Газохол-90% этилденбеген бензин менен 10% этил спиртинин аралашмасы. (BTo)