CNN: АКШ “орусиялык из” боюнча тергөөнүн жыйынтыгын жарыялайт
АКШнын башкы прокурору Уильям Барр келерки аптада 2016-жылкы президенттик шайлоодо Орусиянын ыктымал кийлигишүүсү боюнча иликтөөнүн жыйынтыгын жарыялашы мүмкүн.
Бул тууралуу CNN телеканалы булактарга таянуу менен кабарлады. Алардын маалыматына караганда, Барр андан кийин тергөө жөнүндө Конгрессте жашыруун отчёт берет.
CNN белгилегендей, отчеттун мөөнөтү АКШ президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын жолугушуусуна байланыштуу өзгөрүп кетиши мүмкүн. Эки өлкөнүн лидерлеринин саммити 27-28-февралда Вьетнамда өтөт деп күтүлүүдө.
Америкада 2016-жылы өткөн президенттик шайлоого Орусиянын ыктымал кийлигишүүсү боюнча иликтөө 2017-жылдан бери жүрүп келет. Атайын прокурор Роберт Мюллер Трамптын штабы өзүнүн атаандашы Хиллари Клинтондун позициясын бөлүп-жаруу үчүн Кремль менен сүйлөшүү жүргүзгөнбү деген суроого жооп издейт.
Буга чейинки айыптоолорду Кремль жана Трамп өзү да четке кагып келген. (ErN)