Карашев: Азык-түлүккө тыюу салар алдында казак делегациясы бизге келип кеткен
Казакстан Кыргызстандан азык-түлүк продукциясын алып кирүүгө чектөө киргизер алдында Бишкекке казак делегациясы келип кеткен. Бул тууралуу бүгүн парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып КСДП фракциясынын депутаты Аалы Карашев билдирди. Ал мындай чектөөлөргө өкмөт жол бербей, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү керек болчу деген пикирин айтты:
- Менин билишимче, Казакстандын делегациясы келип кеткен бизге. Ошондон эки күн өткөндөн кийин тыюу салынып жатат. Же ошонун себебинен болуп жатабы? Өкмөттүн өкүлдөрүнө өзгөчө белгилеп айткым келет - президентибиз барып, Казакстандын башчысы менен сүйлөшүп, тоскоолдуктардын баарын алдыртып келген. А азыр кандай болуп калууда? Кайра тоскоолдуктар кирип жатпайбы!
Казакстан Кыргызстандан жана Өзбекстандан азык-түлүктөрдү алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул тууралуу Казакстандын Айыл чарба министрлиги кабарлады.
Фитосанитардык чектөө Кыргызстандын картөшкөсүнө, алмасына, курмасына, Өзбекстандын анарына коюлду.
Быйыл Кыргызстанда картөшкө айдаган дыйкандар баанын арзандыгынан чыгымга учурап жатышат. (RK)