Чыгыш менен Батышты жакындаткан Айтматов
Бишкекте Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган сүрөттөрдүн көргөзмөсү ачылды. Ага "Евразия" чыгармачыл инсандардын Гильдиясынын Британия, Казакстан, Орусия жана Кыргызстандагы мүчө сүрөтчү-айкелчилери өз эмгектерин койду.