“Коопсуз шаар” боюнча соттун мөөнөтү аныкталды
Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин “Коопсуз шаар” долбоору боюнча арызы Бишкектин район аралык сотунда 1-ноябрда карала баштайт. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады.
Комитет Мамлекеттик сатып алуулар департаменти түзгөн комиссия кабыл алган чечимге каршы сотко кайрылган.
Өткөн апталарда бул комиссия буга чейин долбоорду ишке ашыруучу катары тандалган орусиялык "Вега" концерни тууралуу "талапка жооп бербейт" деген чечим чыгарган. Ал эми комитет "Вега" концерни мыйзамдуу тандалган деп эсептеп, маселени сот аркылуу чечүүнү көздөп жатат.
4-сентябрда “Коопсуз шаар” боюнча өткөн бешинчи тендерде орусиялык “Вега” радиокуруу концерни утуп чыккан. Компания долбоорду 1 млрд. 195 млн. сомго ишке ашырууга макул болгон. Бирок сынакка катышкан дагы бир орусиялык "Маалымат тутумунун коопсуздугу" мекемеси “Вега” концерни бир катар маалыматтарды жашырган деп арыз жазган. Териштирүүдөн соң бул арызды Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин алдында түзүлгөн комиссия карап, негиздүү деп тапкан болчу.
"Бишкек, Ош шаарларына жана өлкөдөгү кан жолдорго көзөмөл камераларын орнотуп, жол кырсыктарын азайтууга шарт түзөт" деген “Коопсуз шаар” долбоору алты жылдан бери ишке ашпай келет. (BkA)