Болот Жунусов өкмөттүк аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары болду
Болот Жунусов өкмөттүк аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу буйрукка жекшемби күнү премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Жунусов 2012-2016-жылдары Кыргызстандын Орусиядагы элчиси болуп иштеген.
20-сентябрда өкмөттүк аппараттын жетекчиси болуп Шамилбек Асымбеков парламенттин макулдугунан кийин дайындалган. (RK)