Июль айында бюджетке түшкөн киреше көбөйдү
Июль айында республикалык бюджеттин кирешеси 9 миллиард 479 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Финансы министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, бул сан былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көбөйгөн. Бирок быйылкы жылдын июнь айына караганда аз киреше түшкөн. Июнда бюджетке 10 млрд. 334 миллион сом киреше түшкөн эле.
Июль айында салык кирешелери баштапкы маалымат боюнча 7 млрд. 891,7 миллион сомду түзүп, былтыркыга караганда 8 пайызга арбыса, бажылык кирешелер 3 миллиард 286 миллион сомду түздү.
Кыргызстанда бажы жана салык кирешелеринин көбөйүшү боюнча талкуулар жүрүп келет.
Буга чейин бажы жана салык тармагындагы коррупциялык иштер боюнча кылмыш иштери козголуп, бир нече кызматкер камакка алынган. (BkA)