Москвадагы жол кырсыгына шектүү мигрантка акчалай жардам чогултуу башталды
Орусиядагы жана Кыргызстандагы мекендештер Москва шаарында жол кырсыгына айыптуу деп шектелип жаткан Чыңгыз Анарбек уулуна материалдык жардам чогултуу акциясын баштады. Бул тууралуу акциянын уюштуруучуларынын бири, активист Акбалык Жумалиева “Азаттыкка” билдирди.
-Топтолгон акча негизинен жараат алып, ооруканага түшкөн чет элдик жарандарга компенсация жана дары-дармек катары жумшалат. Анткени ал өзү таксист болуп иштесе, 20 саат уктабай иштеп жатса, акча жетишсиз болсо керек. Эл ошону түшүнүп колунан келген жардамдын берип жатат.
Каалоочулар орусиялык банктарга барып, карта номери 4276380052214405 эсебине акча жөнөтсө болот. Карта ээси Асел Лабаева. Ал каражаттарды Чыңгыз Анарбек уулунун жакындарына тапшырат. Учурда 15 миң сомдон ашык каражат чогулду.
16-июнда Москвада такси айдаган кыргызстандык жаран автоунаасын башкара албай, жол четинде турган бир нече адамдарды сүзүп кеткен. Буга байланыштуу Москва шаарынын полициясы кылмыш ишин козгоп, тергөө баштаган. Мекеменин маалыматына караганда, кырсыктан жети адам жабыркаган.
Орусиялык маалымат каражаттары айдоочу кыргызстандык жаран, 28 жаштагы Чыңгыз Анарбек уулу экенин кабарлашты. Алгачкы суракта ал адамдарды атайын сүзбөгөнүн, тормозду басам деп газды басып алганын айтканы, спирттик ичимдик ичпегенин жана буга чейин жол эрежесин бузбаганын билдиргени да кабарланган.
Жабыркагандардын абалы оор эместиги, алардын арасында Мексикадан барган футбол күйөрмандары бар экени айтылган. (ErN)